Динара Асанова бир гана кыргыз эмес, бүткүл советтик кинематографиянын алдыңкы режиссерлорунун бири. Ал өз убагында советтик кино талкуулаганды жактырбаган көйгөйлүү өспүрүмдөрдүн оор турмушун, дүйнөгө болгон көз карашын чеберчилик менен экрандаштырган. Режиссер мындан 33 жыл мурда жаңы тасма тартып жаткан учурунда каза болгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги режиссердун элесине арнап, ал тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Кинону кыялданган балалык. Динара Асанова 1942-жылы 24-октябрда Фрунзе шаарында туулган. Журналисттик кесипти аркалаган атасы фронтто каза болгон, ал эми энеси текстиль тармагында иштеген. Болочоктогу режиссердун мүнөзүнүн калыптанышына чоң энеси эбегейсиз таасир бергендиги айтылат. Апасы Динаранын да текстиль жаатында иштөөсүн кааласа да, кызы кыялындагы кино тармагын тандаган. Режиссер 1960-жылы мектепти аяктагандан кийин "Кыргызфильмге" барып жумушка алуусун өтүнүп, керек болсо студияны шыпырып да иштеп берерин айткан. Кыздын тайманбас мүнөзүнө таң калган студиянын жетекчилери макул болуп, Асанова катардагы жумушчудан баштап режиссердун жардамчысына чейин жеткен. Атургай "Тянь-Шандык кыз", "Ар кимдин өз жолу бар" фильмдеринде образ жаратып, актёрдук талантын да айгинелейт.
Жалаң эркектер жана Асанова. Бир нече убакыттан кийин студия Динара Асанованы Москвадагы ВГИКти (Бүткүл союздук кинематографисттер институту) көрүп келүүгө жөнөтөт. Киночулар ордосунан катуу таасирленген Асанова режиссерлук факультетке тапшырып, бирок сынактан өтпөй калат. Жеңилүүдөн сынбаган кыз окуу жайга үчүнчү жолу тапшырып, өтүп кетет. Анын институттагы устаттары белгилүү режиссер Михаил Ромм жана Александр Столпер эле. Роммдун курсуна өтүү аябай машакаттуу болчу. Ошол жылы белгилүү режиссер жалаң эркектерди жана Динара Асанованы гана тарбиялоону чечкен. Курсташтары Асанованын тартынчаак болгондугунан улам алгач тайпага көнүшө албагандыгын эскеришет. Режиссер ВГИКти 1970-жылы ийгиликтүү аяктайт.
Ленинграддагы "танапис". Асанова жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин Ленинградга көчүп кеткен. Бирок режиссер үчүн "Ленфильмдеги" алгачкы жылдары үзүрлүү болгон эмес. Ал беш жылга жакын тасма тарта албай койгон. Бирок Асанова жумушсуз калган бул жылдарды жашоосундагы эң маанилүү мезгил катары эсептейт. Жолдошу Николай Юдинге турмушка чыгып, тун жана жалгыз уулу болгон Анварды жарык дүйнөгө алып келет. Ошондой эле кыргыз маданияты жана чоң энесинин айткандарынан таасирленип уулу менен бирге жомок да жаза баштайт.
Киного арналган өмүр. Асанова алгачкы толук метраждуу"Тоңкулдактын башы оорубайт" тасмасын 1975-жылы тартат. Фильм көрүүчүлөрдүн жана сынчылардын купулуна толуп, жаратуучуга ийгилик алып келет. Андан соң "Кырсык" (1979), "Аялым кетти" (1979), "Жараксыз" (1980), "Сен бирөөнү тандашың керек" (1981) фильмдери жаралат. 1983-жылы тартылган "Өспүрүмдөр" тасмасы режиссердун карьерасынын туу чокусу болуп, атагын чыгарат. Тасмага актерлер эмес, чынында эле башынан оор турмушту өткөргөн, балдар үйүндө тарбияланган же көчөдөгү балдар тартылган. Көбүнүн турмушу тасмадан кийин оң жакка өзгөргөн. 1984-жылы тартылган "Садагам, кымбатым, сүйүктүүм, жалгызым" тасмасы Канндагы эл аралык кинофестивалдын дипломуна татыган. Ал эми "Чыр-чатактын балдары" телеспектакли анын акыркы эмгеги болгон.
Экранда калган элес. Советтер Союзунун алдыңкы режиссерлорунун бири болгон Динара Асанованын элесине арналган бир топ эмгектер бар. ВВС телеканалы тарабынан тартылган "Динара Асанова", Игорь Алимпиевдин "Мен баарыңарды жакшы көрөм", Виктор Титовдун "Динара" сыяктуу даректүү тасмалары улуу чебердин элесин түбөлүккө калтырган. Бишкек шаарындагы "Кыргызфильм" студиясы жайгашкан көчөгө Динара Асанованын ысымы ыйгарылган.