Дубай: аркан тартышып, бел күрөшкө түшүп улутту тааныткан мекендештер

© Фото / Кыял ОскомбаеваКыргызстан Бириккен Араб эмирлигиндеги "Fashunity exhibition 2018" эл аралык көргөзмөгө катышып жатат
Кыргызстан Бириккен Араб эмирлигиндеги Fashunity exhibition 2018 эл аралык көргөзмөгө катышып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дубай шаарында өтүп жаткан эл аралык фестивалда кыргыздын улуттук оюндары көрсөтүлөт. Иш-чаранын меймандары аркан тартышып, бел күрөшкө түшүп, чүкө ойной алышат.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстан Бириккен Араб эмирлигиндеги "Fashunity exhibition 2018" эл аралык көргөзмөгө катышып жатат. Аталган өлкөдөгү мекендештерибиз үчүнчү жолу өз күчү жана Кыргызстандын консулдугунун колдоосу менен бул фестивалда Кыргызстанды таанытууда. Бул туурасында мекендештер ынтымагынын активисти жана фестивалга катышуу боюнча демилгечилердин бири Кыял Өскөмбаева Дубай шаарынан билдирди.

© Фото / Кыял ОскомбаеваКыргызстан Бириккен Араб эмирлигиндеги "Fashunity exhibition 2018" эл аралык көргөзмөгө катышып жатат
Кыргызстан Бириккен Араб эмирлигиндеги Fashunity exhibition 2018 эл аралык көргөзмөгө катышып жатат - Sputnik Кыргызстан
1/4
Кыргызстан Бириккен Араб эмирлигиндеги "Fashunity exhibition 2018" эл аралык көргөзмөгө катышып жатат
© Фото / Кыял ОскомбаеваАталган өлкөдөгү мекендештерибиз үчүнчү жолу өз күчү жана Кыргызстандын консулдугунун колдоосу менен бул фестивалда Кыргызстанды таанытууда
Аталган өлкөдөгү мекендештерибиз үчүнчү жолу өз күчү жана Кыргызстандын консулдугунун колдоосу менен бул фестивалда Кыргызстанды таанытууда - Sputnik Кыргызстан
2/4
Аталган өлкөдөгү мекендештерибиз үчүнчү жолу өз күчү жана Кыргызстандын консулдугунун колдоосу менен бул фестивалда Кыргызстанды таанытууда
© Фото / Кыял ОскомбаеваИш-чара 22-марттан бери Дубай шаарындагы Аль Мамзар деп аталган эң чоң паркта өтүүдө
Иш-чара 22-марттан бери Дубай шаарындагы Аль Мамзар деп аталган эң чоң паркта өтүүдө - Sputnik Кыргызстан
3/4
Иш-чара 22-марттан бери Дубай шаарындагы Аль Мамзар деп аталган эң чоң паркта өтүүдө
© Фото / Кыял ОскомбаеваФестивалдын быйылкы тематикасы — маданий баалуулуктар жана инновациялар.
Фестивалдын быйылкы тематикасы — маданий баалуулуктар жана инновациялар. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Фестивалдын быйылкы тематикасы — маданий баалуулуктар жана инновациялар.
1/4
Кыргызстан Бириккен Араб эмирлигиндеги "Fashunity exhibition 2018" эл аралык көргөзмөгө катышып жатат
2/4
Аталган өлкөдөгү мекендештерибиз үчүнчү жолу өз күчү жана Кыргызстандын консулдугунун колдоосу менен бул фестивалда Кыргызстанды таанытууда
3/4
Иш-чара 22-марттан бери Дубай шаарындагы Аль Мамзар деп аталган эң чоң паркта өтүүдө
4/4
Фестивалдын быйылкы тематикасы — маданий баалуулуктар жана инновациялар.

"Иш-чара 22-марттан бери Дубай шаарындагы Аль Мамзар деп аталган эң чоң паркта өтүүдө. Фестивалдын быйылкы тематикасы — маданий баалуулуктар жана инновациялар. Америка Кошмо Штаттары, бир катар Европа, Араб мамлекеттери, Индия, Шри-Ланка, Колумбия, Пакистан, Кытай, КМШдан Кыргызстан, Казакстан — жалпы 20дан ашуун өлкө катышып, өз маданиятын, инновациялык жетишкендиктери менен тааныштырууда" — деди ал.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген чакан делегация кошуна Өзбекстандын Анжиян облусундагы Нооруз майрамына катышып келди - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын делегациясы Анжиянга барып, Ноорузду майрамдап келди
Анын айтымында, Кыргызстан бул ирет иш-чарада Көчмөндөр оюндарына басым жасоодо. Бириккен Араб эмирлигиндеги консулдугу, ошондой эле КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаменти, Көчмөндөр оюндарын уюштуруу катчылыгы тарабынан берилген атайын маалымат баракчалары да келген меймандарга таратылууда. Андан сырткары, Кыргызстанга виза ачуунун жол-жобосу боюнча да кызыккандарга маалымат берилип жатат.

"Көчмөндөр оюндарына дүйнө элин кызыктыруу ниетинде быйыл аркан тартыш, бел күрөш, жоолук таштамай, беш таш, ордо, чүкө оюндары уюштурулат. Каалоочулар өз күчтөрүн сынай алышат, аларга атайын байгелер да сайылган", — деди Өскөмбаева.

Ошондой эле кыргыздын айрым каада-салттары да көрсөтүлүп, улуттук даамдар да меймандарга сунушталууда. Иш-чара эртең, 24-мартта, жыйынтыкталат.

Фестиваль Дубайдын башкаруучусу Мухаммед бин Рашид атындагы Ислам маданият борбору тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет. Былтыр "Fashunity exhibition 2017" сынагында Кыргызстан 1-орунга татып, акчалай сыйлыкка ээ болгон.

Консулдуктун расмий маалыматы боюнча БАЭде Кыргызстандын 3000ге чукул тегерегиндеги жараны бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0