00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Тартип же эркиндик. Адам өзүн кандай алып жүргөндө көбүрөк ийгиликке жетет?
15:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. "Жегичтердин" көзүн кызарткан ботаникалык бак

Жазылуу
Жаз келип, күн жылыды. Чээнде жаткан аюу сымал баарыбыз ойгонуп, үйгө отура албай баскың эле келет. Жаратылыш койнунда, бак-дарактын арасында дегендей.

Эсил кайран СССР убагында жашыл шаар атка конгон Бишкектин азыркы абалы көпчүлүк кишини канааттандарбайт. Анткени шаардын ичиндеги жана чет жакасындагы бактар кыйылып, кычкылтектин булагы болгон бак-дарактар талкаланууда. Өзгөчө Бишкектеги ботаникалык бак алкымы чоңдорду кызыктырып, түн уйкусун бөлүп бушайманга салды. Борбор Азияда өсүмдүктөрдүн түрдүүлүгү боюнча эң алдыңкы бул бактын азыркы көрүнүшү кандай? Кызыгып көрдүңүз беле? 

Жаздын келиши менен көпчүлүктү бушайман кылган көйгөй бул — "ии, арыктасам болот эле" деген маселе. Кышты-кыштай май-чучукту сугуна берип фигуранын "фысын" да унутуп каласың… Албетте, мунун баары тамаша. Менин айткандарыма арданып калбаңыз. Анткени кошкон салмактан арылуунун жолун диетолог айтып берди.

Кыргызстандын футболчулары Азия чемпионатына катыша турган болду. Кечээ, 22-мартта, улуттук команда Мьянма менен ойноп 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Оюнду ар кандай себептер менен көрбөй калсаңыз диванга ыңгайлуу отуруп алып видеосун көрүңүз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.04 (сатып алуу) жана 68.26 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 41.80 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 44.50 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жаратылышка суктануу менен аны келечек муунга татыктуу калтырып кетели деген тилек менен Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0