00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Мошенники ушли в интернет: как кыргызстанцев обманывают в мессенджерах
08:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Спорт тармагына быйыл канча акча болүндү — инфратүзүм, олимпиада, массалык спорт
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Рамазан — ыкластуулуктун айы. Орозого кантип туура даярдык көрүү керек?
11:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Что делать если второй родитель уклоняется от уплаты алиментов
12:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как сохранить здоровье стоп и ногтей — беседа с подологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Оползни и паводки: как в МЧС готовятся к самому опасному сезону года
18:07
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Госдолг Кыргызстана: безопасный уровень или скрытая угроза для экономики?
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ART DIALOG: Кыргызстандагы маданий мекемелер кандай абалда?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алганыбызды кабыгы менен кошо жейлиби? Майрамдан кийинки таштанды тууралуу

Жазылуу
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында майрамдык иш-чара өткөндөн кийин чар-жайыт ыргытылган таштандылар сороюп көзгө урунат. Колумнист Эламан Карымшаков буга бир гана элди күнөөлөй бербей, башка жагын да карап көрүүнү сунуштайт.

Кечээ борбор калаада Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Күн да чайыттай ачылып, элдин баары жазгы маанай менен көчөгө агылып чыкты. Майрамды "Ала-Тоо" аянтында өткөрүүгө келгендер миңдеп саналды. Эртеден кечке борбордук аянтта, тегерек-четиндеги парктарда адам саны үзүлбөдү. Ошентип улуттук майрамыбызды да өткөрдүк. Бирок менин айтайын дегеним башка маселе…

Бишкекте эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чаралардан кийин калаадан сегиз унаа таштанды чыгарылганын шаардык мэриядан билдиришти - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эгемендик күнүн майрамдагандар 8 унаа таштанды таштап кетишкен
Майрамдын эртеси "ичкен-жеген тамагын жыйнабай калтырып кетишти, мал экенбиз, адам эмеспиз" деп жазып, жер жайнаган таштандылардын сүрөттөрүн интернетке чыгаргандар болду. Анан кейиген кишилер адегенде эле "кыргыздар ошон үчүн өнүкпөйбүз да" деп башташты. Оозуна алы жетпегендер сөгүнгөн сөздөрдү жазганын да көрдүк. Баарына баягы эле майрамга келген эл күнөөлүү болуп жатып калды. Ай, бурадарлар, жектегенден мурда чара көрбөй кесепет менен күрөшкөн "Тазалык" ишканасынын, мэриянын жоопкерчилиги тууралуу ойлонуп көрбөйлүбү?..

Майрам күндөрү эл көп болорун баары билет! Анан ошого ылайыктап таштанды салуучу урналардын санын көбөйтүп, анысы толору менен алмаштырып турса болбойбу? Таштандыны колуңа кармап баратып каякка саларыңды билбей кашаясың го, чиркин. Соцтармакка чыккан сүрөттөрдө 10 литр суу бата турган урнанын тегерек четинде таштанды жайнап жатат. Байкуштун "болду" дегенине карабай сала берип ашып-ташып кетиптир. Таштаганга жай жок болсо эмне кылышсын анан? Айла жок ыргытат да! Алган нерсесин кагаз-кабыгы менен кошо жемек беле?! Жөнөкөй эле мисал, ажаткана салбай туруп турак-жай курууга киришип көрчү, тегерек-четиң эмне болот экен. Баса "Тазалыктын" маалымат катчысы кечинде эл чогулган жерге желим баштыкты таштап соцэксперимент жасаптыр. Жоругуң жолдо калгыр дегиң келет…

Бүгүн эртең менен ошол эле "Тазалык" ишканасы "борбордук аянттан 11 тонна таштанды алып чыктык" деп маалымат таратты. Ошондой эле аянтка кошумча жалпысынан 16, Курманжан датканын эстелигинин алдына 18 таштанды челеги орнотулганы жана дөңгөлөгү бар 10 желимден жасалган контейнер менен кызматкерлер нөөмөткө туруп күн бою тазалашканы айтылат.

Празднование нового года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаактан ары чапкым келет! Маршруткага түшкөндө "өнөрүңөрдү" үйгө таштай келгилечи
Ооба, түндөн таңга чейин көчөлөрдү жалтыратып коюшканы анык. Болгону алдын алуу иштери жасалсын, ат да өлбөсүн, араба да сынбасын деген эле ойду жеткиргим келди.

Ошол эле учурда ичкенин-ичкен, жегенин-жеген жерде калтырган адамдар бар экенин да танууга болбойт. Аларга айтарым, коомдук жайда бир адам жаман ишке барса элдин баарына сөз тиерин унутпайлы. Кийинки майрамдарда таштанды чакалары жетиштүү, элибиз элпек болсун деп тилейм.

Автордун ою редакциянын пикири менен дал келбей калышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0