Бишкек — Ош унаа жолу үч күн түнкүсүн жабылмай болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек — Ош унаа жолу. Архив
Бишкек — Ош унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдон кечки 21.00дөн таңкы 6.00гө чейин унаалар өткөрүлбөйт

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Ишемби күндөн тарта Бишкек — Ош унаа жолуна түнкүсүн чектөө киргизилери тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Аба ырайынын туруксуздугунан улам аталган жолдо кар көчүү коркунучу туулду. Ошондуктан 17-20-март күндөрү саат 21.00дөн 6.00гө чейин "Сосновка", "Арал" жана "Өтмөк" посттору транспорттун бардык түрлөрү үчүн жабылат", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, "Чычкан" капчыгайында 13-мартта түнкү саат 22.40дар чамасында 2,5 миллион куб кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылган. Атайын кызматтардын аракети менен көчкү тазаланып, унаа кыймылы кечээ, жума күнү кечинде кайра жанданган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0