Уктаганча жөлөгүм, мээримимди төгөйүн! Дене бойду балкыткан бешик ырлары. Видео

Жазылуу
Бишкекте бешик ырлары боюнча республикалык сынактын жыйынтыгы чыгып, калыстар тобу 15 ырды мыкты деп тапты. Бөбөккө арналган ырды аткарууга аялдар өлкөнүн жети дубанынан чогулуп, унутулуп бара жаткан жөрөлгөнү кайрадан жандантты.

Аймактардан келип, бешик ырын аткарып, алдыңкы орундарды ээлеген аялдарды Sputnik Кыргызстан агенттиги студияга чакырып, ырдатып алды.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусу тарабынан уюштурулган иш-чарада аткаруучулардын айрымдары эл арасындагы бешик ырларды созсо, кээ бири өз калеминен жаралган чыгармаларын тартуулады. Аны эң мыкты аткаргандыгы үчүн Талас облусунун Талас районундагы "Байчечекей" балдар бакчасынын тарбиячысы  Канышай Капарова биринчи орунду ээлеп, Түркияга жолдомо алды. Бешик ырын өзү жазбаса да, чыгарманы ийине жеткире ырдаган тарбиячы башкысы, балага мээрим төгүп ырдоо керек деп эсептейт.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваТалас районундагы "Байчечекей" балдар бакчасынын тарбиячысы Канышай Капарова бешик ырлары боюнча сынакта I орунду ээлеп, Түркияга жолдомо алды
Уктаганча жөлөгүм, мээримимди төгөйүн! Дене бойду балкыткан бешик ырлары. Видео - Sputnik Кыргызстан
Талас районундагы "Байчечекей" балдар бакчасынын тарбиячысы Канышай Капарова бешик ырлары боюнча сынакта I орунду ээлеп, Түркияга жолдомо алды

"Өзүмдүн эки балам бар. Аларга кичине кезинде акын Эсенгул Ибраевдин "Балама" деген чыгармасын көп ырдап берээр элем. Баланы уктатууда ырды том-том кылып жаттабасаң да,  маанилүү саптары менен обон созуп, мээримиңди төксөң, ал да наристени тарбиялоого таасир этет", — деди Капарова.

Ал эми экинчи орунга Жети-Өгүз районундагы төрөтканада балдар дарыгери болуп иштеген Гүлжан Мусагалиева татыды. "Беш баламды бешик ыры менен чоңойтком" деген дарыгер жаштарды да бешик ырын ырдап берүүгө үгүттөп келээрин кошумчалады. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЖети-Өгүз районундагы оорукананын төрөт бөлүмүнүн балдар дарыгери Гүлжан Мусагалиева II орунга татыды
Уктаганча жөлөгүм, мээримимди төгөйүн! Дене бойду балкыткан бешик ырлары. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жети-Өгүз районундагы оорукананын төрөт бөлүмүнүн балдар дарыгери Гүлжан Мусагалиева II орунга татыды

"Бешик ырын балага курсакта түйүлдүк кезинен тартуулаган жакшы, себеби тарбиянын баары бала курсакта жатканда эле башталат. Жаш энелер өздөрү ырдай албаса да, жок дегенде жакшы бешик ырларын телефонуна жаздырып баланы уктатаарда алысыраак коюп угузса, наристе жакшы да тынч дагы уктайт. Төрөт бөлүмүнөн чыгып жаткан жаш энелерге дайыма "Ымыркайыңарга ырдап бергиле, болбосо телефонуңарга көчүрүп алгыла деп көп айтам", — деди Мусагалиева.

Сынактын катышуучусу Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы маданият кызматкери  Ырыскүл Болотова бешик ыры балага гана тарбия бербестен аялдардын чыгармачылыгын арттыраарын белгиледи. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНарын облусунун Ак-Талаа районунан келген Ырыскүл Болотованын бешик ырын жакшы аткаргандыгын калыстар баса белгиледи
Уктаганча жөлөгүм, мээримимди төгөйүн! Дене бойду балкыткан бешик ырлары. Видео - Sputnik Кыргызстан
Нарын облусунун Ак-Талаа районунан келген Ырыскүл Болотованын бешик ырын жакшы аткаргандыгын калыстар баса белгиледи

"Балдарыма бешик ырын ырдап берип жатып эле үнүм да жакшырып кетти. Жакшы обондор, сөздөр да ошол учурда пайда болот", — деди ал.

Бешик ырын жайылтууга болгон аракетин жумшап жүргөн жазуучу Топчугүл Шайдуллаева бүгүнкү күндө бала тарбиялоодо бешик ырынын таасири зор экенин баса белгиледи. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бешик ырын угуп чоӊойгон баланын тили бат жана так чыгып, угуу жөндөмү тезирээк өөрчүп, уйкусу тынч, бейпил болот", — деди жазуучу Топчугүл Шайдуллаева
Уктаганча жөлөгүм, мээримимди төгөйүн! Дене бойду балкыткан бешик ырлары. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Бешик ырын угуп чоӊойгон баланын тили бат жана так чыгып, угуу жөндөмү тезирээк өөрчүп, уйкусу тынч, бейпил болот", — деди жазуучу Топчугүл Шайдуллаева

"Бүгүн биздин энелердин дээрлик көбү, баарысы десем да болот, бешик ырын ырдабай калышты, ырдай да алышпайт. Анын маанисине да кайдыгер карашат. Заманбап адистер азыр бешик ырына наристе муктаж экенин айтып, далилдей башташты. Анын өзгөчөлүгү — биринчиден, эне менен баланы жакындатат, аялдын чыгармачыл талантын ачат, ошол эле учурда балага эне таалим-тарбия бере алат. Бешик ырын угуп чоӊойгон баланын тили бат жана так чыгып, угуу жөндөмү тезирээк өрчүп, уйкусу тынч, бейпил болот", — деди Шайдуллаева.

Бешик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экөөлөп көтөрбөйт, соодалашпайт! Бешикке карата 10 "болбойт"
Сынакка катышууга алыскы Баткен облусунун Зардалы айылынан бери келгендер болду. Экинчи орун эки кишиге берилип, бирин Мусагалиева, дагы бирин  этнограф Айымкан Кенжеева алды.  Үчүнчүнү акын Гүлжамила Шакирова жана акын, драматург Жеңишкүл Өзүбекова ээледи.

Буга чейин колумнист Топчугүл Шайдуллаева бешик ырынын ордун, маанисин жана анын бөбөккө канчалык керек экендиги туурасында ой-толгоосун жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0