БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Коңшу Өзбекстанда милиция кызматкерлеринин формасы жаңыланат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги кабарлады.
Өлкөнүн Ички иштер министрлиги учурда милиционерлердин кийип жүргөн формасы эскирип калгандыгын жана анын жаңылоо керектигин айтышкан.
Министрликтин ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Кутбиддин Бурхоновдун айтымында, бул маселе азыр каралып жатат.
"Кошуна мамлекеттердин, Россия жана алыскы өлкөлөрдүн колдонуп жүргөн формаларын карап, изилдеп жатабыз. Жакынкы жылдарда милиционерлердин кийими өзгөртүлөт" — деди Бурхонов.
Бир жыл мурда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ички иштер органдарын реформа кылуу боюнча программаны бекиткен. Анын алкагында форма, атрибутика жана белгилерди жаңылоо иштери каралган.
Ал эми кыргыз бийлиги милицияны полицияга өзгөртүүнү пландоодо.