6-мартта борбор калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эрежесиз эр таймаш боюнча WEF Global 11 эл аралык турнири болуп 17 беттеш өткөрүлдү. Негизги таймашта кыргызстандык мушкерлер Мырзамидин Пазылов менен Ариет Бекишов, Эрлан Нурбек уулу менен россиялык Акбар Гаджиэкперов күч сынашмак. Бирок Нурбек уулу ден соолугуна байланыштуу беттешке чыкпай калды.
Ал эми турнирдин башкы окуясы болуп оор салмактагы мушкерлер — кыргызстандык Тилек Жээнбеков менен украиналык Юрий Проценконун беттеши болду. Натыйжада Жээнбеков атаандашын баш көтөртпөй жеңип алды.