Пазылов Мырзамидин Салайдинович — өмүр баяны

© Фото / Элдар ЖаманкуловПазылов Мырзамидин Салайдинович
Пазылов Мырзамидин Салайдинович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мырзамидин Пазылов 1995-жылы 28-октябрда Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган.

Билими:

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин 4-курсунун студенти.

FICHТER.KG спорт клубунун тарбиялануучусу, машыктыруучусу — Кенжебек Чекиров. Каймана аты — Skorpion. Бою — 170 сантиметр, салмагы — 57 килограмм.

Спорттук жетишкендиктери:

Грэпплингдин ADCC версиясы боюнча спорт чебери;

2014 — Универсалдуу уруш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль;

2015-2016 — Грэпплингдин ADCC версиясы боюнча эл аралык турнирдин үч жолку чемпиону;

2016 — Аралаш мушташ боюнча WEF ProfFight 12, WEF ProfFight 7, WEF Selection 2 турнирлерин уткан;

2016-2017 — КРдин грэпплинг боюнча эки, панкратион боюнча дагы эки жолку чемпиону;

2017 — Аралаш мушташ боюнча WEF Global 10, WEF ProfFight 14, WEF Selection 11, WEF Selection 9 турнирлерин уткан;

Дүйнөдөгү бардык спортчулардын рейтингин аныктаган Sherdog порталындагы көрсөткүчү 7-2-0 (жеңиш, утулуу, тең чыгуу — ред).

Бойдок.

Жаңылыктар түрмөгү
0