ОШ, 5-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы борбордук базарда манты сатып отурган балдызына бычак сайды деген шек менен эркек киши колго түшүрүлдү. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, окуя 4-март күнү саат 12.30дар чамасында калаадагы борбордук базарда болгон.
"29 жаштагы сатуучу аялга белгисиз эркек бычак сайып качып кеткен. Ыкчам издөө иш-аракеттеринин негизинде ошол эле базардын аймагынан 55 жаштагы К.Ж. аттуу киши кармалды", — деди Сыдыков.
Ал белгилегендей, шектүү жабырлануучунун жездеси болорун айтып, аны өлтүргүсү келгенин моюндаган.
Учурда шектүүгө карата Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал эми Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери жабырлануучудан көп кан кеткенине карабастан өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгонун маалымдашты.