Ак-Жол айылында алгачкы жолу өткөн жылдын март айында бирөөнүн 10 тоогу жоголгон. Муну уурудан кабары жок коңшуларына айтса "ит жеп кетсе керек" деп ишенбей күлүшкөн. Андан көп өтпөй эле турак үйлөрдөн акча, тиричилик техникалары жана зер буюмдарды жоголо баштаган. Уурулар алчусун алып кетип калбай, шылдыңдагансып бир үйдөн эт, кымыз, дарбыз, экинчисинен жууркан-төшөк алып чыгып, огородуна отуруп курсактарын тойгузуп да кетишиптир. Айылдыктардын айтымында, бир жылдын ичинде 20 үй тонолгон. Айрым үйлөргө ууру эки-үч жолу кириптир. Бирок эмдигиче кылмышкердин кармалбаганы санаага салып жатат.
Эсенкул Бабаевдин үйүнө чак түштө эле ууру кирип болжол менен 40-50 миң сомдук алтындарды уурдап кеткен.
"Үйдүн сыртын шыбатып жаткандыктан терезеге коюлган тосмолорду алып койгом. Ууру үйдө эч ким жок учурда терезе аркылуу кириптир. Милицияга арыз жазгам, бирок эмдигиче натыйжа жок. Сурасам "иштеп жатабыз" деп гана тим болушат. Алгач айылдын аркы башындагы үйдөн 75 миң сом алып чыгып кеткен. Андан соң кийинки үйлөргө катары менен кире баштады. Көбүнчө жолдун боюнда жайгашкан турак жайлар тонолууда", — деди Бабаев.
"Биздикинен кийин да көп үйлөр тонолду. Бул кошунабыздын үйүнөн дарбыз, эт, кымыз, биздикинен жууркан алып чыгып бул жердеги огороддо отурушуптур. Эртеси паспортум менен кол саатымды ошол жерден таптым. Жасагандарын көрсөң жаш баланын ишине окшош. Уурулукка келген адам үйдүн жанында курсагын тойгузуп отурабы?" — деп таң калат Кубандыков.
Сүйлөшүп турсак уурунун дагы бир шамдагайлыгын айтып күлүп калышты. Өздөрү экинчи кабатта уктап жатса биринчи кабатындагы буюмдарды уурдап кетиптир. Ал үйгө барганыбызда өздөрү жумушта экен. Үй ээсинин кайненеси Жамал Кадыркулова балдарынын өмүрүнө кооптонуп отурганын айтты.
"Бул тамды толук бүтүрүп жашап жатканыбызга бир жыл болду. Ал аралыкта эки ирет ууру кирди. Акыркы жолу жаңы жылдын алдында болду. Кызым учурда кош бойлуу. Кокус дагы келип кызым менен бет маңдай чыгып калса эмне болот деп коркуп отурам. Эми акча чогултуп терезелерге тосмо орнотолу деп жатабыз", — деди Кадыркулова.
Эскерте кетсек, эстрада ырчысы Айбек Карымов да ушул айылда жашачу. Анын үйү акыркы эки жылда алты жолу тонолгон. Айтымында, 2017-жылы беш жолу, жыл башында бир жолу үйүнө ууру кирип, жалпы бир миллион сомдон ашык чыгым келтирилген. Ырчы бул алты факты боюнча милицияга арыз жазганын жана ага кошуп уурунун камерага жүзү түшүрүлгөн видеону бергендигин айткан.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдун айтымында, уурулар кедей адамдардын үйүнө кирбейт. Өздөрү башкаларга байлыгы тууралуу маалымат берип коюшу мүмкүн. Ошондуктан ал адамдын батирине же мекемесине ууру кирет.
"Ачыгын айтсак, кедей жашаган үйгө ууру басып барбайт. Ууру кире турган үйү тууралуу маалымат топтоп алып кирет. Негизи эле чоң суммадагы акча же байлык болсо, бул тууралуу эч кимге ооз ачпай эле коюу оң. Коопсуздук үчүн камераларды, шарты болсо сакчы жалдашы абзел. Кыргызстандагы дагы бир чоң маселе — уурулук боюнча адам кармалып, бирок сот учурунда акталып чыгып кетет. Ошол үчүн сот кызматкерлери бул жагдайда өтө акыйкаттык менен мамиле кылуусу шарт", — деди серепчи.
Ал эми шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморовдун айтымында, уурулук фактысын алдын алуу үчүн жарандар биринчи кезекте өзүнө тың болушу абзел. Мисалы, коомдук жайларда көп суммадагы акчаны көрсөтпөө, кичи автобустарга чыкканда уюлдук телефонго сак болуу сыяктуу жөнөкөй эрежелерди сактоого тийиш.
"Биринчи кезекте адам өзүнө сак болуп, уурулуктун алдын алса болот. Мисалы, кичи автобустарга түшүүдө телефонду баштыктын сырткы чөнтөгүнө салбай, унааларга жана үйлөргө сигнализация орнотуу керек. Бул көп деле каражатты талап кылбайт. Бишкек шаары боюнча жалпы 4 600 уурулук фактысы катталып, анын 1256сы турак жайларды тоногон болуп чыккан", — деди Оморов.
Белгилей кетсек, ИИМ берген статистикага ылайык, 2017-жылы жалпы Кыргызстан боюнча 10 026 уурулук (164-берене) фактысы катталган. Анын ичинен 6543 кылмыштын бети ачылды.