БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Эстрада ырчысы Айбек Карымовдун үйү акыркы эки жылда алты жолу тонолгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аткаруучу өзү билдирди.
Анын айтымында, 2017-жылы беш жолу, жыл башында бир жолу үйүнө уурулар кирип, жалпы бир миллион сомдон ашык чыгым келтирилген.
"Үйгө уурулар кайра-кайра кирип атып бир миллион сомдон ашык зыян келтиришти. Өткөн айда эле кылмышкерлер 200-300 миң сомдой баалуу буюмдарды уурдап кетишти. Ага чейин зер буюм, травматикалык тапанча жана тиричилик техникаларды алып кетишкен. Колу туткактардан мен эле эмес, 20дай кошунам жапа чекти. Милицияга арыз жазып, фото жана видео далилдерди бергенбиз. Анысы аз келгенсип шектүүлөрдүн бирин укук коргоо органдарына кармап тапшыргам, бирок тиешелүү жыйынтык жок. Бир дагы кылмыштын бети ачыла элек. Үй-бүлөм менен ал жакта түнөй албай калдык", — деди Карымов.
Ал ошондой эле жакындарынын коопсуздугун ойлоп Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы үйүнөн Бишкек шаарына көчүп келгенин кошумчалады.