БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Муфтий Максатбек Токтомушев Екатеринбург шаарындагы мекендештер менен жолугушканы тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын сайтына жарыяланды.
Муфтий Екатеринбург шаарындагы "Бухари" мечитинде кыргызстандыктардан кабар алды.
"Ата-эне, бир туугандарга жардам берип, жакшы жашайлы деген үмүт менен алыста эмгектенип жүрөсүңөр. Кайсы жерде болбогула, ошол жердин мыйзамын сактап, ар кандай терс көрүнүштөрдөн, азгырыктардан оолак болгула", — деди Токтомушев.
Ал эми Жолугушууга келгендер мындай пикир алышуу чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын сагынычын аз да болсо басарын айтып, тилин, динин жана каада-салтын унутпай сактоого жардам болорун кошумчалашты.
Жолугушууга Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы консулу Бообек Салимжанов, Свердлов облустук мусулмандар башкармалыгынын башчысы Мухитдинов Артур жана башка диаспора өкүлдөрү катышты.