БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропорту ишин жандантты. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматынан кабарлашты.
16-февраль күнү эртең менен коюу тумандын айынан эки рейс токтотулуп, дагы бир нечеси кармалып, айрымдары башка убакытка жылдырылган.
Рейстер тууралуу маалыматты аэропорттун сурап-билүүчү 0 (312) 693109 номеринен тактоого болот.