Шенген визасын алып беребиз деп жердешин алдаган пакистандыктар кармалды
Шенген визасын алып беребиз деп жердешин алдаган пакистандыктар кармалды
Sputnik Кыргызстан
Пакистандын эки тургуну Кыргызстанга жердешин Афганистан жана Тажикстан аркылуу мыйзамсыз алып келип, тогуз миң долларын алдап алышкан 16.02.2018, Sputnik Кыргызстан
Пакистандын эки тургуну Кыргызстанга жердешин Афганистан жана Тажикстан аркылуу мыйзамсыз алып келип, тогуз миң долларын алдап алышкан
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Өз жердештерин Кыргызстанга Афганистан жана Тажикстан аркылуу мыйзамсыз алып келген Пакистандын эки жараны Бишкектен кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Ага ылайык, кармалган жарандар жердешине Германияга кетүү үчүн Шенген визасын алып беребиз деп айтып, ал үчүн алгач Кыргызстанга келиши керектигин айтышкан.
Өз жердештерин Кыргызстанга Афганистан жана Тажикстан аркылуу мыйзамсыз алып келген Пакистандын эки жараны Бишкектен кармалды
"Өз жердешине карата чара көрүү үчүн Пакистандын жараны кайрылды. Ал Шенген визасын алып берем деп 9 миң доллар алган. Бирок визаны да, акчаны да кайтарып берген эмес", — деп айтылат милиция тараткан билдирүүдө.