Ашууларга канча кар жаады? ӨКМ Кыргызстандын жолдорундагы абал тууралуу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күтүлгөн жаан-чачынга байланыштуу альтернативалык жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу жаралууда

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-5-февраль күндөрү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Аталган күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында, Тамчы участкасынын 74-78 чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кар жаайт. Дем алыш күндөрүнүн аба ырайына божомол
Бүгүн саат 10:00гө карата алынган маалымат боюнча Кыргызстандын альтернативдүү жолдорунун бийик ашууларындагы кардын орточо бийиктиги төмөнкүдөй:

Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун (121-128 чакырымдары) түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 25-65, түштүк тарабында (125-132 чакырымдары) 60-126 сантиметрди түзөт. Жол тайгак. 

Өтмөк — Талас жолундагы Өтмөк ашуусунда (0-14 чакырымдары) кардын орточо бийиктиги 20-80 сантиметр, тайгак, муз тоңгон.

Бишкек — Ош жолунун Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайынын (198-246 чакырымдары) айрым жерлеринде жолдор тайгак болуп муз тоңгон. Кардын орточо бийиктиги 30-118 сантиметр. Көк-Бел ашуусу (351-365 чакырымдары) кардын орточо бийиктиги 45-65 сантиметр, жол тайгак. 

Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун Чапчыма ашуусунда (40-100 чакырымдары) кардын орточо бийиктиги 40-80 сантиметр. 

Красная-Горка — Акташ жолунун 1-5 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 50-90 сантиметр, жол тайгак.

Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун Кызыл-Жар участкасында кардын орточо бийиктиги 5-30, Тамчы участкасында 10-46 сантиметрди түзөт. 

Бишкек — Торугарт жолундагы Долон ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-30 сантиметрге жетет. 

Снежные и лавинные ограждения в горах Австрии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы жеринде кар көчкү түшүү коркунучу бар? Карта
Нарын — Казарман жолундагы Кара-Көө ашуусунда кардын орточо бийиктиги 25-75 сантиметр, жолдун айрым жерлерине муз тоңгон. 

Каракол — Эңилчек унаа жолундагы 55-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо бийиктиги 20-65 сантиметрди түзөт, жолдордун айрым жерлери тайгак. 

Барскоон — Ак-Шыйрак жолунда 30-60, Сөөк ашуусунда (62-68 чакырымдары) кардын орточо бийиктиги 40-80 сантиметр, жолдор тайгак.

Түп — Кеген жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 65-120 сантиметр, жолдор тайгак, муз тоңгон.

Өзгөчө кырдаал жаралса 112 кызматына кабарлоо зарыл. Министрлик чалуу акысыз экенин эскертет.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек — Ош унаа жолу штаттык режимде иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0