Кар жаайт. Дем алыш күндөрүнүн аба ырайына божомол

Жазылуу
Алдыдагы эки күн ичинде кар жаап, аймактардын ичинен Ысык-Көлдө көбүрөөк шамал болот

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. 3-февралда күндүз жана 4-февралда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Ал эми Бишкек шаарында 3-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Үйдөгү жылуулукту кантип сактоо керек - Sputnik Кыргызстан
Жөнөкөй жол менен турак жайды кантип жылууласа болот. Жарандарга керектүү кеңеш
Борбор калаада 3-февралда түнкүсүн —4…-6, ал эми күндүз —1…+1 градуска жетет. Эртеси 4-февралда аба ырайы бир аз сууктап, түнкүсүн термометр —7…-9, күндүзү —1…-3тү көрсөтөт.

Ош шаарында 3-4 февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 3-февралда түнү —4…-6, күндүзү 0…2 градус болот. Ал эми 4-февралда, жекшембинин түнү термометр —7…-9, күндүз —1…+1ди көрсөтөт.

3-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болушу мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Ысык-Көл акваториясында шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетери айтылды.

4-февралда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0