Алматыдагы Евразиялык өкмөттөр аралык жыйын аяктады. Кол коюлган документтер

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүРабочий визит премьер-министра РФ Д. Медведева в Казахстан
Рабочий визит премьер-министра РФ Д. Медведева в Казахстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБге мүчө мамлекеттин өкмөт башчылары уюмдун негизги багыттарын талкуулап, былтыр жасалган иштерге саресеп салышты

АЛМАТЫ, 2-фев. — Sputnik. Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны жыйынтыкталды.

Анын жүрүшүндө ЕАЭБдин алкагында интеграциялык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Ошондой эле жасалган иштердин жыйынтыгы жана уюмдун мындан аркы ишинин багыттары аныкталды.

Күн тартибиндеги маселелердин ичинен ЕАЭБде санариптик чакырыкты ишке ашырууну талкуулоого өзгөчө маани берилди. Уюмга мүчө мамлекеттер Евразиялык экономикалык комиссия менен биргеликте санариптик чакырыктын негизги багыттарынын жоболору менен артыкчылыктарын 2025-жылга чейин иш жүзүнө ашырууга аракеттерди көрмөкчү.

Биткоин сувенирдик тыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Исаков: Кыргызстанда тендер өткөрүүдө криптовалюта колдонуу пландалып жатат
Жыйындын алкагында ЕАЭБдеги товарларды идентификациялоо менен белги коюу жөнүндөгү келишимге кол коюлду. Бул келишим премьер-министрлердин ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагындагы товардын айлануусун көзөмөлдөөнү жогорулатуу боюнча тапшырмасы менен иштелип чыккан.

Жыйындын катышуучулары ошондой эле Евразиялык эконимикалык комиссиянын макроэкономикалык абал, уюмга мүчө мамлекеттердеги туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жана 2017-жылдагы өз ара соода-сатык кылуунун абалы жөнүндөгү докладын угушту.

Андан сырткары, Евразиялык комиссия ЕАЭБдеги шекердин абалы боюнча анализдин жыйынтыктары, агроөнөржайын биргеликте өнүктүрүү боюнча божомол тууралуу маалымат берди.

Авиациялык кырсыктарды иликтөө боюнча ЕАЭБдин алкагынан тышкары органды түзүү, комиссия колллегиясынын уюмга мүчө мамлекеттерде иштегендерди пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөгү келишимди ишке ашырууга байланышкан маселелер талкууланды.

Кол коюлган документтердин тизмеси:

1. Санарип боюнча тапшырма;

2. Шекер боюнча тапшырма;

3. "Авиациялык кырсыктарды тергөө боюнча орган түзүү иштери жөнүндө" буйрук;

4. "Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын 26.09.2017-жылдагы №130 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө" тапшырма;

5. "Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын 14.11.2017-жылдагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндө" тапшырма;

6. "Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин макроэкономикалык абалы жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыздоо жөнүндө" буйрук;

7. "2017-жылдан бери биримдикке мүчө мамлекеттердин өз ара соода-сатык кылуусунун абалы жөнүндө" буйрук;

8. "Евразиялык экономикалык биримдикте товарларды идентификациялоо каражаттары аркылуу маркировкалоо жөнүндөгү келишим;

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү жашоо - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан жана ЕАЭБ өлкөлөрү: кантип үйлөнөт, көбөйөт, канча айлык алат
9. "2017-2018-жылдарга карата уюмга мүчө мамлекеттердин айыл чарба продукцияларын, тери сырьёлору, паxта жана жүн боюнча агроөнөржай комплексин бирдиктүү өнүктүрүү божомолу жөнүндөгү" буйрук;

10. "Өнөр жай тарманындагы долбоорлор менен программаларды иштеп чыгуу, каржылоо жана ишке ашыруу боюнча жобону бекитүү жөнүндөгү" чечим;

11. "Евразиялык экономикалык уюмга мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсия менен камсыздоо боюнча келишимди ишке ашырууга байланышкан маселелер жөнүндөгү" буйрук;

12. "Евразиялык экономикалык кеңештин 2015-жылдын 8-майындагы чечимин ишке ашыруу жөнүндөгү" буйрук;

13. "Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине Евразиялык экономикалык кеңештин комиссиясынын мүчө талапкерин сунуштоо жөнүндөгү" буйрук;

14. "Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кийинки жыйынын өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндөгү" буйрук.

Жаңылыктар түрмөгү
0