1936-жылы 5-январда Фрунзеден (Бишкектен) Москвага чейин лыжалык жүрүш уюштурулуп, Ала-Тоодон жети азамат Айтыш Самтыров, Ишен Түркмөнов, Александр Назаров, Николай Красников, Александр Перлов, Иван Николаев жана Рашид Шарипов 54 күндө 3885 чакырым аралыкты басып өтүп, 1-мартта Кызыл Аянтка жетип, комсомолдун 10-курултайында рапорт беришкен.
Кыргызcтандыктар союздук мелдештерге, СССР элдеринин кышкы спартакиадаларында азыноолак ийгиликтерге да жетишкен. Кыргызстандагы биринчи лыжа базасы 1960-жылы Воронцовка кыштагы менен Кашка-Суу айылдарынын ортосундагы "XX лет Киргизии" атындагы жайкы пионер лагеринде ачылган. Кышкы спорт түрүнө таандык базада биринчилерден болуп "Алга" спорт коомунун спорт инвентарларды убактылуу колдонууга берчү күркөсү иштей баштаган.
Эгемендүү эл болгондон бери лыжа спортунун дээңгээли төмөндөп кеткен. Шыпка чейин тизилген мектептердеги лыжалар эскирип, сынып, сатылып жок болду. Учурда өлкө боюнча беш-алты гана кесипкөй машыктыруучу калды. Анын үчөө Бишкекте, калган экөө Нарын менен Караколдо иштейт.
Кыргыз мамлекетик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору Токтобек Иманалиев дем алыш күндөрү окуу жайдын Кой-Таштагы базасына келип эс алып, лыжа тепкендер арбын болуп калганын айтат.
"Биздин окуу жайда мурда лыжа спорту боюнча адис-машыктыруучулар даярдалчу. Эгемендик алгандан бери 1-2-курстун студенттеринен лыжа спорту боюнча курсттук таанышуу сабактары гана өткөрүлүп, окуу-машыгуу бир жума гана болот. Үч эле мугалим калды. Тоо лыжасынын жабдууларынын кымбаттыгы кендирди кесип жатат. Ошентсе да спорттун бул тармагын өнүктүрүү учурдун талабы болуп турат", — деди ал.
Чындыгында Кыргызстандын жаратылышы, ак кар, көк музу спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу. Айрыкча Нарын облусундагы узак кыш, Ысык-Көлдүн тоолуу аймагы, Чүй, Таластын тектирлүү тоолору лыжа спортчуларына машыгууга мүмкүндүк берет. Кыш мезгилинде гана эмес, жаз жана жай айларында да ак кар-көк музу кетпеген мөңгүлүү аймактарда жыл бою лыжа тебүүгө шарт бар. Мындай жагдайды Россиянын президенти Владимир Путин да байкап, биргелешип лыжа базасын куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилге Кыргызстандын жетекчилери тарабынан колдоого алынган эмес. Атүгүл өлкөгө келген чет элдик меймандар да кыргыз тоолоруна суктанып, эл аралык лыжа базаларын куруу менен кар менен жаратылыштан пайда көрсө болорун суктануу менен айтып жүрүшөт.
Кыргызстандык спортчулар Лиллехамeр, Нагано, Солт-Лейк-Сити, Ванкувер, Сочи шаарларында өткөн кышкы олимпиадаларга, Харбин, Кангвон жана Аомори, Астана, Алматы, Саппоро шаарларында өткөн кышкы Азия оюндарына катышып келген. Азия өлкөлөрү да соңку жылдары кышкы спортту өнүктүрүүгө кызыкдар болуп, инвестиция салууга өнөктөш издей башташты. Коңшу Казакстан Азиянын кышкы оюндарында Кытай, Япония өлкөлөрүнөн кийинки үчүнчү орунду ээлеп жүрөт. Өткөн жылы Алматы шаары бүткүл дүйнөлүк студенттердин кышкы универсиадасын өткөрүп, кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүп алышты. Ал түгүл Алматы шаары 2022-жылкы кышкы олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө негизги талапкерлердин финалында 4 упай айырма менен Пекин шаарына уттуруп жиберип, арманда калды. Келечекте Казакстан кышкы олимпиаданы өткөрүүгө белсенип турат.
Азыркы учурда Кыргызстанда балдар хоккейи активдүү өнүгүүгө багыт алды. Бир эле мисал: жакында кыргызстандык жеткинчектер АКШда өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болуп келишип, сүйүнүчкө бөлөдү. Аларды көрүп Кыргызстанда кышкы спорттун келечегине ишеним артып, үмүт кылат экенсиң. Кышкы спорттун өнүктүрүүнүн келечегине ишенген Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин директору Канат Аманкулов төмөндөгү оюн билдирди:
"Өлкөбүздүн мөңгүлөрүндө жыл бою лыжа тепсе болот. Бишкектин айланасындагы Аламүдүн муз төрүндө 6-7 ай лыжа тээп, машыккандар да бар. Кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү үчүн атайын адистешкен спорт мектебин ачтык. Кыргызстанда эл аралык талаптарга жооп берген тоо лыжа базасы жок. Чет жерден инвесторлорду издеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ал эми кышкы спорттун түрлөрүнө көп жылдардан бери көңүл бурулбай келе жатканынын негизги себеби — мамлекеттик казынадан спортко бөлүнүп жаткан каржылоонун жетишсиздиги. Ошондой болсо да кышкы спорттун популярдуу түрү деп хоккей, лыжа жана сноуборд тебүү болууда", — деди ал.
Ошондой болсо да жакында 9-февралдан 25-февралга чейин Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган кышкы олимпиадалык оюндарга биатлон боюнча Тариэл Жаркынбаев менен тоо лыжа боюнча Евгений Тимофеев катышканы турат.