Бишкек ТЭЦиндеги абал боюнча тиешелүү органдардын өкүлдөрү журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Жыйын башталгыча журналисттерге Жылуулук электр борборунун аймагында пресс-тур уюштурулду.
Буга чейин "Электр станциялары" ишканасынын маалымат кызматы учурдагы абал тууралуу "Улуттук энергетикалык холдинг", "Электр станциялары", "Түндүк электр" жана "Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ишканаларынын өкүлдөрү маалымат берерин жар салган.