"Takhti Cup-2018" турниринде жалпысынан медалдын 10 комплектиси ойнотулуп жатат
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Каныбек Жолчубеков жана Калы Сулайманов Иранда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык "Takhti Cup-2018" турниринде алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк күрөш федерациясынын расмий сайтында жарыяланды.
Кыргызстандык балбандар Каныбек Жолчубеков жана Калы Сулайманов Иранда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык "Takhti Cup-2018" турниринде алтын медаль тагынышты.
Кыргызстандык балбандар Каныбек Жолчубеков жана Калы Сулайманов Иранда өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык "Takhti Cup-2018" турниринде алтын медаль тагынышты.
Жолчубеков мелдештин жарым финалында казакстандык Дастан Жарлыхановду 11:1 эсебинде утуп, финалда ирандык балбан Мехрдад Марданини 6:0 эсебинде жеңип, алтынды эңип кетти. Жолчубеков 60 килограмм салмак ченинде күч сынашат.
Ушул эле мелдештин жарым финалында Калы Сулайманов ирандык Мохаммад Нурбакшини 3:0 эсебинде утуп, чечүүчү беттеште казакстандык Кудайберген Турсуновду 7:2 эсебинде жер каратып, алтын тагынды. Сулайманов 63 килограмм салмак ченинде килемге чыккан.
Аталган турнирде жалпысынан медалдын 10 комплектичи ойнотулду.