БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Kытайдын лейкемия менен ооруган жашоочусу Янг Чуньян аттуу кыз өз тоюн жалгыз өткөрдү. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Кыздын агасы жергиликтүү ыктыярчыларга кайрылып, жаштар менен бирге ооруканада үлпөт тоюн өткөргөн. Имараттын холлуна жаңы салынган мала кызыл килемден апакай той көйнөгүн кийген кыз колуна гүл кармап басып өткөн. Ыктыярчылар тойго арналган торт да жасатып келишкен.
Той салтанатынан кийин Чуньян өзүнүн органдарын башкаларга көчүрүү керээзин калтырып, атайын документке кол койгон.
"Мага канчалаган ак пейил адамдар жардам берип, андан улам кадамым ишенимдүү шилтенип, үмүт жаралды. Айыгып кетемби же жокпу, эми ал маанилүү эмес. Мен эми коркпой калдым", — деген кыз.
Бул окуя көптөрдүн көңүлүн козгоп, интернет айдыңында аны аяган да, мактаган да пикирлер жазылды.