БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кишилер эмне үчүн бири-биринин көзүнө чөп салары аныкталганын "Известия" гезити The Journal of Sex Research басылмасына шилтеме кылып билдирди.
Изилдөөчүлөр буга чейин ала жипти аттаган 495 кишиге сурамжылоо жүргүзгөн.
Респонденттердин көпчүлүгү түгөйүн мурдагыдай сүйбөй калгандыктан анын көзүнө чөп саларын айтышкан. Мындай жооптуу сурамжылоого катышкандардын 77 пайызы берген.
Ал эми 74 пайызы өздөрүнүн төшөк кумарын бир аз да болсо өзгөртүп көрүүнү чечишкенин билдиришкен.
Сурамжылоого катышкандардын айрымдары өздөрүнө болгон ишенимди жогорулатуу үчүн ушундай жолго барганын айтышкан.