Жол кырсыгына кабылып күбөлүгүн таштап кеткен ИИМ кызматкери чыгымды төлөп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудник милиции города Бишкек
Сотрудник милиции города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 16-январда Москва жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылып күбөлүгүн таштап кеткен милиционер келтирилген чыгымды төлөп берди. Бул тууралуу жол кырсыгына кабылган Эсен Якубжанов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Милиционер катышкан жол кырсыгы 16-январда саат 10:15тер чамасында болгон. Укук коргоо органынын өкүлү ак түстөгү Honda Odyssey автоунаасын мас абалында айдаганы айтылган.

"Автоунаамды сүзгөн киши оңдоого кеткен бардык чыгымдарды төлөп берди", — деди Якубжанов.

Ал эми ИИМ алардын кызматкери мас абалында болбогонун, ошол күндөрү ооруп үйүндө жатканын жана кырсык болор алдында ИИМдин поликлиникасынан келе жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0