00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
ЭкоФест Чон-Кемин: почему судьба планеты теперь в руках молодых активистов
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Шанс на жизнь: как новая система экстренной помощи будет спасать кыргызстанцев при инфарктах
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
Доктора для почв: как учат кыргызских аграриев лечить «уставшую» землю
20:11
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте жол кырсыгына себепкер милиционер мас абалында болушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин документи. Архив
Милиция кызматкеринин документи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктаган киши күнөөкөр милиция кызматкери экенин жана ал мас абалында болгонун айтууда

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бишкекте 16-январь күнү саат 10:50дө милиционер Тыныстанов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине окуянын каарманы Эсен Якубжанов билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыктын күнөөкөрү өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып айдоочулук күбөлүгүн таштап кеткен.

Якубжановдун айтып бергени боюнча ал Тыныстанов көчөсү менен түштүктү көздөй кара түстөгү Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаасы менен кетип бараткан. Ал Москва көчөсүнөн жаңы эле өткөндө ошол эле үлгүдөгү ак түстөгү унаа коюп кеткен.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мас милиционер жол кырсыгына кабылды. Кырсыктан кийинки видео
"Анын унаасы түз жолдо эле кыйшалаңдап жүрүп баратты. Экөөбүз теңелип калганда эмнегедир рулду шарт эле мен тарапка буруп жиберди. Натыйжада унаамдын сол тарабы жабыркады. Машинанын ичинен мас абалындагы киши чыкты. Ал "милиция кызматкеримин" деп күбөлүгүн көрсөткөнү менен окуганга берген жок. Унааны оңдотууга акча сурасам банктык картасын сунду. Мен аны алуудан баш тартып койсом, айдоочулук күбөлүгүн берди. Кийин мени өзү таап машинаны оңдотуп берүүгө сөз берди", — деди Якубжанов.

Окуя болгон жерге Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери барып протокол түзүштү. Милиция айдоочулук күбөлүктөгү маалыматтарды текшергенде, ак түстөгү Honda Odyssey унаасынын ээси мурда Октябрь райондук ИИБде иштегени, азыр ИИМдин кызматкери экени аныкталган. Учурда ал изделип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0