Алты жыл мурун Казакстандан келген радиоактивдүү көмүрдөн эми араң кутулдукпу?

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүКөмүр. Архив
Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2011-жылдын сентябрь айында Казакстандын Кулан көмүр кенинен Бишкек ТЭЦине 8,5 тонна жана Чүй облусунун социалдык объектилерине деп 800 тоннадай көмүр ташып келинген. Кийин ал көмүрдүн уулуу экени аныкталган болчу.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Мындан алты жыл мурун Казакстандын Кулан кенинен алып келинип Чүй облусунун социалдык объектилерине таратылган уулуу көмүр толугу менен жок кылынды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Вид на город Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Бишкекти каптаган кара түтүн. Эколог анын себеби жана кесепети тууралуу
Эскертке кетсек, 2011-жылдын сентябрь айында Казакстандын Кулан көмүр кенинен Бишкек ТЭЦине 8,5 тонна, ал эми Чүй облусунун мектеп, интернат, карылар үйү сыяктуу социалдык объектилерине 800 тоннадай көмүр ташып келинген. Ал көмүрдү жагып баштагандан кийин радиациялык фону жогору экени аныкталып, колдонууга тыюу салынган болчу.

Мындан улам ӨКМ тарабынан социалдык объектилердеги көмүрлөр чогултулуп Бишкек ТЭЦинин кампасында ушул күнгө чейин сакталып турган.

"ТЭЦте сакталып турган 633,960 тонна (жагылгандан калганы — ред.) радиактивдүү көмүр 2017-жылы "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ААКсынын аймагына көмүлдү. Ташуу жана көмүү иштери ӨКМ тарабынан аткарылган. Ушуну менен Чүй облусундагы социалдык объектилерден чогултулган уулуу көмүр толугу менен жок кылынды", — деп билдирди ӨКМ.

Чернобылдын сырлары. Кыргызстандыктарга уйку бербеген өткөндүн элестери
Ал эми "Электр станциялар" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева Бишкек ТЭЦине алып келинген 8,5 миң тонна көмүрдүн баары ошондо эле кайра артка кайтарылганын жана келтирилген чыгымдарды ташып келген "Кулан ТБ" компаниясы өз мойнуна алганын билдирди.

Аталган маселе ошол кыштагы чуулуу окуялардын бири болуп калган. Буга тиешеси бар делген ошол кездеги энергетика жана өндүрүш министри, азыркы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев, орун басары Кайрат Жумалиев, "Электр станциялар" ишканасынын башчысы Аман Тентиев жана Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы ишин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Мирлан Аскар уулуна карата кылмыш иши козголгон. Алардын иши жогорку сотко чейин жетип, бирок алардын күнөөсү жок экенин далилденген.

Жаңылыктар түрмөгү
0