00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Казус белли и природа войны - политолог о том, как начинаются конфликты
14:06
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ырчы Жеңишбек Айтиев уулунун өлүмүнө байланышкан чыр боюнча соттолду

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүМолоток судьи
Молоток судьи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңишбек Айтиев уулун өлтүргөн кылмышкердин атасы менен чырдаша кетип, ал ырчынын үстүнөн сотко арыз менен кайрылган.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ош шаардык соту ырчы, куудул Жеңишбек Айтиевди Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) менен төрт жылга эркинен ажыратты. Бирок ага карата 63-берене (шарттуу соттоо) колдонулуп, анын негизинде бир жылдык сынак мөөнөт менен шарттуу соттолду. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине ырчы өзү тастыктады.

Анын айтымында, 12 жаштагы уулу Туратбекти өлтүрүп, сот жообуна тартылган кылмышкердин атасы Калмамат Анарбаев менен чырдашып кеткен.

"Өткөн жылдын 1-октябрында уулумдун жылдыгын өткөрүүгө дарядык көрүп жаткан учурда аны өлтүргөн баланын атасы Калмамат Анарбаев кайын журту менен жалпы беш алты киши болуп үйгө келишиптир. Мен ал кезде уулумду жоготуп, жанымды коерго жер таппай жүргөм. Келинчегим чыгып "азыр жолугуша албайт, ооруп, кыйналып жүрөт" деп эскерткенине карабай үйгө кирип келишти. Кылмышкердин атасы менен чырдаша кеттим. Колумдагы бычак анын колуна тийип, бирок олуттуу жаракат алган эмес. Анан менин үстүмөн сотко арызданыптыр. Ош шаардык соту бир жылдык сынак мөөнөт менен шарттуу түрдө соттоду", — деди Айтиев.

Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Аида Салянова сотко келген жок. Дарыгер депутаттын дартын айтты
Эскерте кетсек, 2016-жылы 21-октябрда саат 12:30дар чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына калаадагы Гастелло көчөсүнүн жашоочусун белгисиз жаран бычак менен сайгылап кеткендиги тууралуу кабар келип түшкөн. Үйдүн алдынан табылган сөөк 2004-жылы туулган жергиликтүү тургун Туратбек Айтиев экени аныкталган. Кылмышка шектелип 1994-жылы туулган А.Н. аттуу кошунасы кармалган. Өз көрсөтмөсүндө "ал (каза болгон бала) үйүмө келип, тамагыма уу салайын дегенде подъездден кармап алып бычактап салдым" деп айткан.

Кийин 2017-жылдын 24-январында Ош шаардык соту айыпкерди өмүр бою эркинен ажыраткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0