00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:04
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
10 апреля - День Сопротивления: как кыргызстанцы воевали в лесах Европы
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:07
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Керек учурда далбастап... Ошко жаңы аэропорт курууга инвестор табылабы деги?

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы аба майданынын куруу маселеси былтыр да кыш мезгилинде көтөрүлгөн

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. "Ош" эл аралык аэропортунун ордун которуп, жаңы аба майданын курууга инвестор табыла элек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Жарандык авиация агенттигинин (ЖАА) аэропортторду сертификациялоо бөлүмүнүн жетекчиси Канат Бейшеналиев билдирди.

Эске салсак, былтыркы кышта "Ош" аэропортуна түшкөн тумандан улам каттамдар токтоп, көйгөй жаралганда аны башка жакка көчүрүү демилгеси көтөрүлүп, кийин бул маселенин дымы чыкпай кылган.

Бирок акыркы бир ай ичинде кайра эле тумандан улам аэропорт бир нече жолу ишин токтотууга мажбур болду.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан курулат делген аба майданынын тагдырына кызыгып көрдү.

Ошские небесные ворота — реконструкция во имя безопасности - Sputnik Кыргызстан
Жалгыз учагын ремонтко койгон мамлекеттик авиакомпания. Калган аба кемелери кайда?
Жарандык авиация агенттигинин бөлүм башчысы Канат Бейшеналиевдин айтымында, учурда аэропорт куруу планы боюнча алгачкы гана кадамдар ташталды.

"Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр, Мады айыл өкмөттөрүнүн аймагынан 500 гектар жерди трансформацияга чыгаруу зарыл. Мындан тышкары, өкмөт, Транспорт жана жолдор министрлиги, "Манас" аэропорту ал аралык инвестор менен сүйлөшкөндө Ошко жаңы аба майданын куруу боюнча сунушун киргизип келет. Анткен менен "мен куруп берем" дегендер табыла элек. Ал эми "Манас" жана "Ош" аэропортторуна инвестор катары каралып жаткан түркиялык TAV Airports Holding компаниясы жаңы курулушка кызыккан жок", — деди Бейшеналиев.

Ал кошумчалагандай, курулуш иштери пландалып жаткан аймак учактын учуп-конуусуна канчалык ылайыктуу экени дагы тиешелүү органдар тарабынан текшериле элек.

"Аба кемеси учуп-конуу үчүн аймактагы шамалдын багыты, климат шарттары сыяктуу факторлор роль ойнойт. Ошондой эле азыркы аэропорттой болуп туман түшө бербейби, аны Метеорология кызматы текшерип көрүшү керек. Бул иштер демөөрчү келип, каражат салгандан кийин гана аткарылышы мүмкүн", — деп түшүндүрдү Бейшеналиев.

Ал эми аба майданын көчүрүү демилгесин көтөрүп чыккандардын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов инвестор табуу чоң көйгөй жаратпайт деген пикирин айтып келет.

Центральный европейский банк - Sputnik Кыргызстан
Евробиримдик билим берүүнү өркүндөтүү үчүн Кыргызстанга 10 млн. евро берди
"Ош" аба майданын ордунан которуп, кеңейтип куруу Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Азыр биздин учактар коңшу Өзбекстандын аба мейкиндиги аркылуу учуп-конуп жатат, бул жерде ар кандай коопсуздук маселелери чыгышы ыктымал. Экинчиден, жаңы аба майданы курулса Фергана өрөөнүндө жашаган 15 миллион адамга кызмат кылмак. Анткени бүгүнкү күндө Россиянын шаарларына Ош аркылуу каттаган жүргүнчүлөрдүн саны Бишкектеги аба майданынан калышпайт. Эгер трансформациялоо иштери аягына чыкса, аны курууга инвестор табылат деп айта алам", — деди эл өкүлү.

Трансформациялоо демекчи, пландалган 500 гектар жерди адистер текшерип чыккандан кийин анын 476 гектары курулушка жарактуу деп табылганын өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн регионалдык бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Райымберди Мөнөкбаев маалымдады.

"Аталган жердин тиешелүү документтерин даярдап, трансформациялоо маселесин чечип бергиле деп өкмөткө жибердик. Азыр каралып жатат", — деди Мөнөкбаев.

Канча учак менен каякка бара алабыз? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда канча учак каякка каттайт
Жер маселеси го өзүбүздөн көз каранды дейли, ири каражаты бар инвестор табылаар бекен? Анткени ЖААдан билдиришкендей, жаңы аэропорт курууга болжол менен 500 миллион доллар сарпталат.

Ал эми мындай каражатты бөлүүгө кыргыз өкмөтүнүн азырынча мүмкүнчүлүгү жок экенин айтылып келет.

Эл аралык "Ош" аэропорту Фергана өрөөнүндөгү ири аба майдандарынын бири, пайдаланууга 1974-жылы берилген. Кыргызстандын аймагында көлөмү боюнча экинчи аэропорт, жылына бир миллионго жакын жүргүнчүнү кабыл алат. Аба ырайынын катаал шарттарында Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аба майданына кошумча кызмат көрсөтөт. Ош шаарынын түндүгүнөн 9 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0