00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү индустрияга салыктык жеңилдиктер кандай максатта берилип жатат?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Риск на работе: где заканчивается обязанность работника и начинается ответственность работодателя
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ичеги-карын оорулары жана рагы: себептери, белгилери, алдын алуу жана дарылоо
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аялдар үчүн саякат эмне үчүн маанилүү: жаңы таасирлер жана ички өсүү
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Сүрөтчү-декоратор Молдожан Токтогуловдун тагдыры жана чыгармачылыгы
19:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Милиция Караколдогу массалык мушташтын себебин айтты

© Фото / Азамат АйтбаевГород Каракол
Город Каракол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облустук ИИБ Караколдогу массалык мушташ туурасында расмий билдирүү таратты

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Каракол шаарындагы ижарага лыжа берген жайлардын биринде кардар лыжанын таягын сындырып алганы үчүн айып пул төлөөдөн баш тарткандыктан массалык мушташ чыккан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бурананын жанындагы мушташ: бир баланын башы жарылган, экөө ооруканада
2018-жылдын 5-январында аталган шаардын Карасаев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде массалык мушташ болгон.

Окуя көзөмөл камерасына тартылып калган.

Анда көрүнүп тургандай белгисиз адамдар имаратка кирип келип, бир нерсени талап кылат. Көп өтпөй кожоюндар менен "коноктор" мушташа кетишет.

ОИИББден билдиришкендей, мушташ лыжаларды ижарага берген жайдын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар арасында болгон.

"Жергиликтүү тургундардын бири лыжаны ижарага алып таякчасын сындырып алган. Ага эки миң сом айып төлөшү керектиги айтылганда ортодо түшүнбөстүк жаралып, мушташка айланган. Тургундар бир аз ичип да алышкан экен. Акырында эки тарап элдешип, милицияга арыз түшкөн жок", — дешти милициядан.

Ал эми лыжаны ижарага берген жайдын кызматкерлеринин бири Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына мушташ ортодогу түшүнбөстүктөн чыкканын ырастады.

"Ал адамдар биздин тааныштар болгондуктан көйгөйдү өз ара эле чечип алдык", — деди кызматкер.

Аталган борбордон акча талап кылышкан деген маалымат чындыкка коошпой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0