БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко өзү ат салышып жаткан UFC (Ultimate Fighting Championship) уюмунун жаңыланган рейтингинде биринчилигин сактап калды. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты жарыялады.
Жаңы тизмеде абсолюттук чемпион катары мурдагыдай эле бразилиялык Аманда Нуньес турат. Биринчи орунду ата мекендик мушкер Валентина Шевченко ээлейт. Экинчи орунга жеңилүү ызасын тартканына карабай Холли Холм көтөрүлдү. Үчүнчү орунду Джулианна Пенья ээледи, ал буга чейин төртүнчү катарда болчу. Америкалык Ракель Пеннигтон эки баскычка ылдыйлап, төртүнчү орунга жылды. Бешинчи орунда голландиялык спортчу Жермен де Рандами турат.
Кийинки рейтинг Бразиялиянын Белем шаарында өтө турчу UFC Fight Night 125 турниринен кийин жарыяланат. Анда кыргызстандык Валентина Шевченко жаңы салмак категориясында күч сынашмакчы.