Арка мойнуң астыңда калбасын! Лыжа тебүүчүлөргө ортопедден 5 кеңеш

Жазылуу
Эгер тоодо лыжа тээп келүүгө камынып турсаңыз, билбестик менен кырсыктап, жумалап жараат айыктырганча, бул макалага көз чаптырууга 4 эле мүнөтүңүздү бөлүп коюңуз.

Жаңы жылдык эс алуу күндөрү көпчүлүк тоого лыжа базаларына жөнөйт. Лыжа же сноуборд тактасына бут коердон мурун медициналык илимдердин кандидаты, Остеопороз биримдигинин президенти Ольга Лобанченконун кеңештерин окуп алыңыз.

© Sputnik / Максат ЭлебесовПрезидент Ассоциации по остеопорозу, доцент Ольга Лобанченко
Президент Ассоциации по остеопорозу, доцент Ольга Лобанченко - Sputnik Кыргызстан
Президент Ассоциации по остеопорозу, доцент Ольга Лобанченко

Ортопед жакшы жабдыктарды камдап алууга кеңеш берет — сырткы кийим жана бут кийим ыңгайлуу болушу шарт. Жаңы үйрөнчүктөр инструктордун көмөгүнө кайрылганы оң. Ошондо да тик ылдыйыштардан баштоого таптакыр болбойт. Адатта лыжа базаларында үйрөнчүктөргө тоонун эңкейиштери гана сунушталат.

Жөнөкөй, бирок пайдасы тийчү беш кеңеш:

Лыжа тебердин алдында тамакты тое жебеңиз, айрыкча, ашказанга күч келтирчү же көңүл айныта турган майлуу тамактан татпаңыз. Тамак эки сааттын тегерегинде сиңип бүтөрүн эске алыңыз;

Мурда-кийин сөөк чыгып кетип же сынган учуруңуз болсо, травма алган жериңизди атайын бекем таңгыч менен таңыңыз. Лангеттер дарыканаларда табылат;

Кыргызстандын тоо лыжа базалары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы лыжа базалары: баасы жана кызматтар
Лыжа же сноубордго бут коердон мурун муундарды жана булчуңдарды кызытып алуу зарыл. Кол, бут, моюн жана бүткүл денеге жасалчу кадимки эле көнүгүүлөр деле көмөкчү болот.

Жашы өтүп калгандар алдын ала остеопорозго текшерилип алганы дурус. Эгер мындай диагноз аныкталса, анда атайын корсетсиз лыжа тебүүгө эч болбойт;

Өз мүмкүнчүлүк, тажрыйбаңыз жана күчүңүзгө жараша тебиңиз. Көп үйрөнчүктөр бир нече ирет тээп түшкөндөн кийин алын ашкере баалап алып, укмуш ыкмаларды аткарууга ашыгышат. Мындайдын аягы көбүнчө сөөктүн мертиниши менен гана эмес, сынык менен да бүтөт.

Кышкы эс алуунун кеңири тараган кесепеттери

Жабыркагандардын адатта муун же булчуңдары чоюлат, чыгып кетет. Бардык учурларда тең абдан этият болуу абзел, абалды андан ары оорлотпой, ансыз да чоюлуп турган булчуңду үзүп жибербеш үчүн акырын кыймылдоо зарыл.

Лыжачылар жана сноубордисттер көбүнесе төмөнкүдөй жараат алышат:

— тизе — эң көп жараат алчу жер. Ал жабыркаганда заматта ооруксунат;

— кызыл ашык, же шыйрак. Адатта бул жер тез эле шиший түшөт. Жараат алып калдым деп шектенсеңиз бут кийимдин буугучтарын толук бошотуп туруп, абайлап чечүү керек;

Официальное открытие зимнего туристического сезона 2017-2018 годов в Чунгурчаке - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков "Чуңкурчакка" барып, кышкы туризмдин башталганын жар салды
— кол, көпчүлүк учурда билек. Сноубордист кулап баратканда колун сунуп жиберет. Жабыркабаш үчүн жыгылып баратканда, тескерисинче, бүрүшө калуу зарыл, ошондой эле билекке атайын коргой турган калыптоочторду кийип алган оң;

— ийин жана акырек. Сноубордисттер көбүнчө бир тарабына жыгылып, ийиндеги айланма кыймылды камсыз кылчу тарамышты чыгарып алышат.

— баш бармак. Лыжачылар жыгылган учурлардын көпчүлүгүндө таякчадан бүт күчүн чыгаргандыктан, баш бармакты жабыркатып алышат. Анын алдын алуу үчүн таякчаны билекке атайын илгичин илип алып, жыгылып баратканда аны кое бериш керек.

Жараат алганда эмне кылуу абзел?

Олимпиада оюндарынын символикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кышкы Олимпиадада Кыргызстан спорттун эки түрү боюнча ат салышат
Жараат алганда дайым бекем кармап турчу тасма – лангет менен таңуу зарыл. Ал сөөк сынып же чыгып кеткенде жараатты күчөтпөй бекем кармайт. Баш жана омуртка жарааттарында өзгөчө кылдат болуу талап кылынат, андайда адатта баш ооруйт, жүрөк айланат же кол-бут чымырайт.

Кандай жараат болбосун, сөөк чыгып кеткен шартта да, сынып кеткен учурда да дароо дарыгерге кайрылуу керек. Бирок көп убакта медициналык жардам алганча бир нече саат өтүп кетет. Мындай учурларда алгачкы чараларды көрүүгө кеңеш берет ортопед.

"Чыгарып алганда кокустаган жерге муз же кар басуу абзел. Эгер бекем таңгыч болбосо, чоюлгуч бинт менен таңып коюңуз. Сынык болсо атайын желим менен байлоо талап кылынат – бул үчүн ошол эле лыжа же сноуборд тактасын сынган жерге кур менен бекем таңып шакшактап коюу керек", — дейт Лобанченко.

Кандай учурда кышкы чер жазууну улантууга болот?

Эгер шишик көп эмес, кан уюганы байкалбаса, муздак таңгыч коюп, оору басаңдатуучудан сайып, же жылытуучу майларды сүйкөп алып, лыжа тебүүнү уланта аласыз. Мындай оорулар бир-эки күндө тарайт. Эгерде дагы ооруй берсе, дарыгерге кайрылууга тийишсиз.

Кыргызстанда кышкы эс алуунунун түрлөрү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган лонгридден окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0