БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Киевдеги аэропортто Анкарага кетчү каттам мышыктын айынан токтотулду. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Жүргүнчүлөрдүн бири салонго мышыгын ала кирген.
Маалыматта авиакомпаниянын эрежесине ылайык, бир билет менен алтыдан ашуун жаныбарды алып өтүүгө болбостугу айтылган. Анткени менен күнөөлүү деп табылган эркек киши багаж бөлүмүнө жети мышыкты кошо салган.
Чет мамлекеттин жараны болгон ал адам жагдайды авиакомпания менен полиция кызматкерлерине эки саат түшүндүргөн. Жүргүнчүлөрдүн жарымы аны колдосо, жарымы нааразы болуп, учактын абага көтөрүлүүгө уруксат берилишин талап кылышкан.
Акырында авиакомпаниянын коюлган эрежелеринен баш тартып, экипаж жетинчи мышыкты ала кетүүгө аргасыз болгон.