00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Берлинде Акаевге жумуртка ыргыткан киши маек курду. Аскар Акаевдин пикири

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя KyrgyzClub-Germany тарабынан Берлинде уюштурулган иш-чара учурунда болгон

Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева, кызы Бермет болуп Германияда кыргыздар менен жолугуп жаткан учурда ага жумуртка ыргыткан мекендешибиз Алмазбек Токтошту Sputnik Кыргызстан кепке тартты. Ага кошумча, аталган инцидент боюнча тунгуч президент Аскар Акаевдин пикирин билди.

— Берлинде Аскар Акаев менен жолугушууга сиз да катышып, нааразылык иретинде жумуртка ыргыткансыз. Эмне үчүн андай кылдыңыз эле?

Митинг сторонников президента Киргизии Курманбека Бакиева - Sputnik Кыргызстан
Изделбей, Интерполдун тизмесинен өчкөн кыргызстандык экс-саясатчылар
— Акаев бийликте турганда менин мекеним Ысык-Көл элинин ыйык ата-бабаларыбыздан мурас кылып калтырган Үзөңгү-Куушту кытайларга, Каркыраны казактарга, "Кумтөр" алтын кенин жөөттөргө сатып, өзү чогуу уурдап бөлүп алышканы үчүн ошондой кылдым.

— Жогоруда сиз санап өткөн фактылар боюнча Акаев кандай жоопкерчиликке тартылышы керек эле?

— Кыргызстанга келип, жоопко тартылышы керек, келбесе Интерпол аркылуу издөөгө алынышы зарыл. Ысык-Көл элинен сырткары Жалал-Абад элин аттырган үчүн да жоопко тартылышы керек.

— Социалдык тармакта жумуртка ыргытканыңыз боюнча чоң талкуу болуп, ар кыл пикирлер айтылды. "Чет жакта жүрүп алып, ушундай кылганыбыз уят, туура эмес" дегендер болду. Аларга эмне деп жооп айтат элеңиз?

— Ар кандай пикир болот, ар ким өзүнүн оюн айтканга укуктуу.

— Эгерде экс-президент Акаев менен жолуксаңыз дагы жумуртка ыргытасызбы?

— Ага ушул жетиштүү болду деп ойлойм, ошол жерден өз аялын, кызын таштап качып кетти…

— Бизди таңгалдырганы — эки кыргыздын Берлинде немис тилинде сүйлөшүп жатканы болду… Албетте, көп тил билген жакшы деңизчи, бирок…

— Видеодогу ал баланын аты Кобегенов (Көбөгөнов) экен, бул жерде "Kyrgyz Club- Germany" деген уюмду жетектейт имиш. Бирок кыргыз тилин билбейт экен, анан эне тилин билбесе герман тилинде сурадым.

Аталган окуя боюнча Москва шаарында жашап жана иштеп жаткан Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин да пикирин сурадык.

"Мен муну талкуулай албайм, ал тууралуу сөз кылгым келген жок. Азыр иштемин. Аны сөз кылып деле кереги жок", — деди экс-президент Акаев.

Борис Николаевич Ельцин и Аскар Акаев - Sputnik Кыргызстан
Акаевдин "башына ойногон" Ельциндин кашыктары. Окуянын чоо-жайын Кулов ачыктады
Эске салсак, Кыргызстандын мурунку ажосу Аскар Акаев 9-декабрь күнү жубайы Майрам Акаева жана кызы Бермет болуп Германиядан мекендештери менен жолугушкан. Иш-чара KyrgyzClub-Germany тарабынан уюштурулуп, бирок ойдогудай өтпөй калган. Келгендердин арасында Акаевди жактырбагандар да болгон. Алар "Акаев кет" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Жолугушууда Акаев сөзүн жыйынтыктап, катышуучулар менен коштошуп жатканда айрымдар ага суроолорду узата баштаган. Экс-президент комментарий бербей турганын айтып, жөнөй бергенде бир киши аны көздөй жумуртка ыргыткан. Атасынын жанында жүргөн Бермет Акаева ал кишинин жанына барып полиция чакырарын билдирген. Ал киши "атаң коррупционер" деп айыптаган. Чуру-чуу маалында Акаева аны кол чатыр менен бир нече ирет чаап калган. Бул окуя социалдык тармактарда ар кыл пикирлерди жаратып, коомдук талкууга жем таштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0