БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев 9-декабрь күнү жубайы Майрам Акаева жана кызы Бермет болуп Германиядан мекендештери менен жолугушкан. Иш-чара KyrgyzClub-Germany тарабынан уюштурулуп, бирок ойдогудай өтпөй калган.
Катышуучулардын арасында Акаевди жактырбагандар да бар болуп чыккан. Алар “Акаев кет” деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан.
Бермет Акаева заступилась за отца, когда соотечественники кинули в него яйца! Правильно ли сделали? pic.twitter.com/LtGXIkjBqm
— kgdaddy (@6Uneepx0il7oWNr) 10 декабря 2017 г.
Акаев менен митингчилердин маеги Facebook социалдык тармагынын түз эфири аркылуу көрсөтүлгөн.
Видеодон иш-чарага келген айрым катышуучулар Акаевдин сөзүн бөлүп, кыргызча сүйлөшүн талап кылганын көрүүгө болот.
“Башкарбагыла, силер Кыргызстанда эмес демократиялык Германиядасыңар. Кайсы тилде сүйлөгүм келсе, ошол тилде сүйлөйм”, — деп экс-президент билдирген.
Кадрда көрүнүп тургандай, нааразы кишинин жанына полиция кызматкерлери келип аны кепке тарткан.