БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Казакстанга расмий сапар менен 25-декабрь күнү барган президент Сооронбай Жээнбековдун бүгүн Россияга жумушчу иш сапары башталат. Анда президент КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусуна да катышат.
Россияда Жээнбековду ким жана кантип тосуп алары туурасында протоколдук эрежелерди эске салабыз.
Негизи аталган мамлекеттин протоколдук тажрыйбасында чет өлкөлөрдүн башчыларын үч эреже менен тосуп алышат. Ал аэропорт же автобекетте болот.
Расмий иш сапар болсо президентти аталган мамлекетте жайгашкан алардын элчиси, кабыл алып жаткан өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары жана Мамлекеттик протокол департаментинин директору тосуп алып жана узатат.
Ал эми жумушчу иш сапарда тышкы иштер министринин орун басары жана Мамлекеттик протокол департаменнтинин директору тосуп алып жана узатат.
Негизи, тажрыйба көрсөткөндөй, кабыл алган тараптын статусу мындан жогору турушу мүмкүн. Ал көп факторлорго, анын ичинде эки мамлекеттин жана алардын лидерлери канчалык деңгээлде жылуу мамиледе экендигине байланыштуу болот.