Шаардык мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаевдин айтымында, курулуш иштери апрель айында башталган. Аны курууга 17 миллион сом кеткен.
Келечекте мындай өтмөктөр Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине (ЦУМдун жанында), ошондой эле Чүй жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишине курулат. Бирок алар төрт тараптуу болот.