БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Гундслев шаарынан анча алыс эмес жерде жакында эле салынган түрмөнү университеттин кампусу менен чаташтырып алуу толук мүмкүн. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.
Denmark built most comfortable prison on Earth for 250 inmates, with prayer room, gym, TV, toilet, shower in each sell, halls worthy of 3 star hotel, gardens. Price tag $160 mln or $640000 for every criminal lodged in Storstrom pic.twitter.com/kEZ5mu3Em5
— Andrey Davydov (@FarEasterner) 24 декабря 2017 г.
Маалыматка ылайык, абактагы ар бир бөлмөдө муздаткыч, телевизор, шкаф, чоң терезе, ыңгайлуу керебет, ванна жана атайын лампа коюлган стол бар. Бир камеранын аянты төрт чарчы метр.
Түрмөнүн куруучулары эркинен ажыратылгандар үчүн кадимки турмуштагыдай шарт түзүүгө аракет кылышкан. Бул да болсо кылмышкерлердин санын азайтууга жардам берет деп эсептешет.
250 кишиге ылайыкталып салынган түрмөнүн курулушуна 160 миллион доллар сарпталган.