БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Москвада көп кабаттуу үйдүн чатырын кардан тазалап жатып кулап каза болгон М.Н.М. аттуу кыргызстандык жаран 32 жашта болчу. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.
Кырсык кечээ, 24-декабрь күнү, болжол менен саат 11.00дөр чамасында болгон.
Элчиликтин маалыматы боюнча учурда окуянын себептери Социалдык камсыздандыруу фондусу менен бирге такталып жатат. Муну менен бирге кылмыш белгилеринин бар-жогу текшерилүүдө.