БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Москванын түштүк-чыгышындагы көп кабаттуу үйдүн чатырынан кулап кыргызстандык жаран каза болду. Россиялык ЖМКларга чыккан бул маалыматты Кыргызстандын РФтеги элчилиги тастыктады.
Айрым басылмалар көчө шыпырып аталган шаарда иштеп жүргөн кыргызстандык көп кабаттуу үйдүн чатырын кардан тазалап жатып кулап кеткенин жазып чыгышты. Алдын ала маалымат боюнча кырсык Кабель көчөсүндө болгон.
Укук коргоо органдары менен элчилик учурда окуянын чоо-жайын тактап, маркумдун аты-жөнүн аныктап жатат.