БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. 22-декабрда gasauction.srs.kg сайтында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу радио толкунду сатуу боюнча онлайн-аукцион өттү. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик камитетинин маалымат кызматы билдирди.
Сатыкка он жылдык мөөнөт менен колдонуу үчүн эки радиожыштык коюлган. Аукциондун баштапкы баасы 205,3 миллион сомдон башталган. Катышуу үчүн беш компания ниетин билдирип, бирок "Альфа Телеком" (MegaCom соода маркасы) "Скай Мобайл" (Beeline) гана компаниялары кепилдик төлөмдөрдү төлөп, онлай-каттоодон маалында өткөн.
"Жеңүүчү деп "Альфа Телеком" компаниясы табылган, ал 431 миллион 29 миң 200 сом сунуштаган. Каражат бюджетке которулат", — деп айтылат маалыматта.
Электрондук аукциондун өткөрүлүшү "Таза коом" долбоорунун алдына коюлган милдеттерди аткаруунун дагы бир кадамы. Программа мамлекеттик сектордун ишин санарипке өткөрүүнү камсыздайт.