АКШда жигит өзүнүн үйлөнүү үлпөтү тою боло турчу жерге 1,3 миң метр бийиктиктен секирип түштү.
Анын бул кадамы баштан аяк эки камерага тартылып, ал YouTube каналына жарыяланды.
Жерге түшкөндөн кийин ал жакасына гүл тагып, тойго даяр экенин айткан.
Жигит үлпөт тоюна дал ушундай ыкма менен пайда болорун көптөн бери пландап келген. Анткени парашюттан секирүүнү уюштуруу компаниясында иштегендиктен, бир нече жолу асмандан секирип даярдык көргөн.
Тойго келген коноктор жигит өзгөчө ыкма менен пайда болорун билишкен эмес, ал эми болочок жарынын бул боюнча кабары бар болчу. Ал жолдошун дарыяга түшүп калба деп эскерткен.