БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Корумду айылындагы жол кырсыгынан жаракат алган адамдардын бирөө каза болду. Бул туурасында Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси Бүбүайым Жээнбаева билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ саат 10.40дар чамасында Комсомол айылынан өтүп Корумдуга кире берген жерден BMW жана Audi 100 үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктан жаракат алган төрт адам жандандыруу бөлүмүнө калган экөө хирургия бөлүмүнө жаткырылган.
Оорукана жетекчисинин айтымында, каза болгон жаран унаа айдоочусу болгон. Ал кечээтен бери эс-учун жоготкан абалда жандандаруу бөлүмүндө жаткан. Ал эми калган бейтаптардын абалы өзгөрүүсүз бойдон калууда.