БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Корумду айылында эки унаа кагышып 6 адам жабыркады. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp каналы аркылуу күбө билдирди.
Жол кырсыгы бүгүн саат 10.40тар чамасында болгон. Унаадагылар оор жаракат алган.
Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн саат 10.40тар чамасында болгон. Унаадагылар оор жаракат алган.
"Комсомол айылынан өтүп Корумдуга кире берген жерден BMW X5 жана Audi 100 үлгүсүндөгү унаалар кагышты. Ичиндеги алты жүргүнчү катуу жаракат алышыптыр. Аларды тез жардам унаасы жана жеке менчик унаалар ооруканага алып кетти. Унаалардын алды талкаланып кеткен", — деди күбө.
Ал эми Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси Бүбүайым Жээнбаева аталган кырсыктан жаракат алгандардын төртөө жандандыруу бөлүмүнө жана экөө травматология бөлүмүнө жаткырылганын билдирди.
Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.