БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. "Ош" аэропортунан Ош — Москва каттамы боюнча учуп жаткан аял кызына туулгандыгы тууралуу күбөлүктү жасалмалаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Ага ылайык, 59 жаштагы аял көзөмөл өткөрүү пунктунан 7 жашар кыздын атына жасалмаланган документти көрсөткөн.
"Аял мындай кадамга туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасын жоготуп жибергендиктен улам барганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Тийиштүү документтер толтурулган соң аял УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.