БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды.
Депутаттар жашыруун добуш берип, анын жыйынтыгында 61 добуш менен Бакиров жаңы кызматка шайланды.
Эске сала кетсек, буга чейинки вице-спикер Алтынай Өмүрбекова өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.