БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Вице-спикер Алтынай Өмүрбекова өз ыктыяры менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин бүгүнкү жыйынында маалымдады.
Кесиптештери "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова 1,5 жыл вице-спикер болуп иштегендигин айтып, бул аралыкта көп жумуштар жасалгандыгын баса белгилешти. Ал эми эл өкүлү мындан ары депутат катары ишмердүүлүгүн уланта берерин айтты.