БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. АКШнын Луизиана штатынын тургуну ДаКуан Беллард шаарда сейрек жааган карга сүйүнүп, аны видеого тартып Twitter баракчасына жүктөгөн.
Аталган видео бир күндө эле социалдык тармакта 9,5 миңден ашык жолу бөлүшүлгөн.
Im from Louisiana it doesn’t snow here often 😂❄️❄️ pic.twitter.com/jAD0p8MZzQ
— Da'Quan Bellard (@AlmightyChipp) 8 декабря 2017 г.
Видеодо жайдары афроамерикалык Ванесса Карлтондун A Thousand Miles деген ырына көчөдө бийлеп, көйнөгүн да чечип жиберген.
"Мен Луизианаданмын бул жакта дайыма эле кар жаай бербейт", — деп ал тарткан ролигинин алдына жазып койгон.
Быйыл АКШнын бир катар түштүк штаттарына кар жааган. Мындан улам Луизиана штатынын 60 миңге чукул адамы электр жарыгы жок калышкан. Штаттын бийлиги элге катуу бороон токтогуча унааларды айдабай, үйдөн чыкпай турууну суранган.