БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары Сапар Исаков жана Абдулла Арипов телефон аркылуу эки тараптуу кызматташууну талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Премьер-министрлер эки тараптуу кызматташуу боюнча маанилүү делген маселелерди талкуулаган. Андан сырткары, эки өкмөттүн ортосундагы өз ара түшүнүүчүлүк менен иш алып баруу жогорку деңгээлде болуп жаткандыгын белгилешкен.
Өкмөт башчылар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алаканы буга чейин сүйлөшүлгөн келишимдин негизинде дагы жакшыртуу туурасында кеп кылышкан.