БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жол жээгинде жайгашкан дүкөн жана ашкана иретинде колдонулган үч контейнер толугу менен күйүп кеткендигин ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"Күйгөн имараттар Бишкек — Ош унаа жолунун боюнда жайгашкан. Өрт чыккан ашкананын ичинде калган 51 жаштагы ашпозчу аялдын денесинин 60-70 пайызы күйүп калды", — деп айтылат билдирүүдө.
Жабырлануучу Кара-Көл шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Өрттүн себеби такталууда.