Бишкекке жакын жерде автоунаа жана ок атууучу курал күйүп кетти

© AFP 2023 / ALAIN JOCARDКүйүп жаткан автоунаа. Архив
Күйүп жаткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Сын-Таш айылына жакын жерде, 1-декабрга караган түнү болгон

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылына жакын аймакта күйүп кеткен автоунаанын ичинен курал табылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

1-декабрга караган түнү Өрт кызматына эки кабат үйдүн чатыры күйүп жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн. Жалын жакын турган Toyota Land Cruiser Prado автоунаасына жармашкан.

"Өрт кызматы чатырдагы жалынды өчүрүп, ал эми Toyota Land Cruiser Prado өрттөнгөн. Андан сырткары "ИЖ-43" жана "Карабин ветер" куралы күйүп кетти", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кырсыктын себеби иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0